Депутат Акылбек Жамангулов: "Көптөгөн тажрыйбалуу дипломаттар жумушсуз жүрүшөт, аларды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн пайдалануу зарыл"

Депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊештин 6-апрелдеги жыйынында "билимдүү жана тажрыйбалуу дипломаттар – Кыргыз мамлекетинин чет өлкөлөрдөгү чыныгы жүзү. Чет өлкөлөрдөгү айрым консулдуктарда тажрыйбасы жок адамдардын иштеп жатканына күбөбүз. Өкмөт бул багытта иштиктүү, жакшыртуу чараларын көрүүгө тийиш" деп билдирди.

"Чет өлкөлөр дипломаттардын иштиктүү аркети менен ийкемдүү ишине жараша кыргыз элине баа берет. Азыркы учурда көптөгөн тажрыйбалуу дипломаттар жумушсуз жүрөт. Аларды кызматка алып, мол тажрыйбасын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн пайдалануу зарыл. Алар азыркыдай кыйчалыш кезеӊде көптөгөн талылуу маселелерди ийкемдүү чечип берет эле. Өкмөт ушул маселени ойлонуп көрүүсү зарыл", - дейт эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabaev
2017-04-06 15:02:08
Алар сассык саясатка аралашкылары келбейт,келген учурда да жепутаттар баткызбайт,озлорунун ноль(тандырдын тешиги)туушкандарын жайлашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан