Германияда 16 жаштагы кыз кайчыдан коркуп 3 жылдан бери тырмагын өстүрүп келет

16 жаштагы Симона Тейлор аттуу германиялык кыз 2014-жылдан бери тырмагын ала элек. Азыр тырмактарынын узундугу 14 сантиметрден ашкан. Мындай маалыматты бүгүн, 6-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда өспүрүм кыз мындан 3 жыл мурун маникюр жасаганда колдонулчу шаймандардан коркуп калган. Ошол мезгилден баштап тырмагын алган эмес. Окуучунун айтымында, тырмактары ага көп жерден ыңгайсыздык жаратат, бирок ал сулуулук үчүн баарына чыдайт. Ошондой эле тырмагын өстүрүүгө интернеттеги "Узун тырмактарга кантип кам көрүү керек?" деген видео дагы түрткү болгон. Өзгөчө тырмактары менен бардык үй жумуштарын жасаганга үйрөнүп калганын айткан.

"Жазып бүткөндөн кийин колдорум катуу ооруйт. Чачымды жууп жатканда дагы ыңгайсыздык жаралат. Буга чейин бир гана жолу дарбазадан ашып түшөйүн деп жатканда тырмагымды сындырып алгам", - дейт ал.

Дене тарбия сабагына катыша албагандыктан мугалимдери Тейлорго дайыма тырмагын алып салуусун айтышат, бирок ал өзүнүкүн бербей келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
adi.ali94
2017-04-06 20:00:54
Жасалмага окшойт го кара менен боёгону карганын бутунале окшоп калыптыр э?
+2
Begaiko
2017-04-06 20:42:16
Ошо кантип эле 14 см ге чейин сынып калбай ле осо берсин
+1
Rasul94
2017-04-06 21:19:29
бул эми куйоого тийсе тырмагы озу эле сынат
0
burulka1959
2017-04-06 23:18:14
Чычкан союп жечудой болуп...
0
Bubu88
2017-04-07 00:36:18
Батыштын эли элди таң калдырып башкалардан озгочолунуп туруш үчүн адамдын оюна келбеген нерселерге барышат бул да ошолордун бирөөсү
0
Ronaldo.99
2017-04-07 00:58:47
Кускум келди коруп.Дагы ошо тырмагы менен тамак жейт.Ужас!
0
shaadat.kg
2017-04-07 01:18:54
тырмак остурсо тубундо шайтан балдарын багып балалайт демек бул кызда шайтан кенен кирип чыгат экен азыр уже шайтан уруу уруу болуп кетсе керек оооо тоба кылдым тоба кылдым
0
shaadat.kg
2017-04-07 01:20:23
ХХХ болду бекен дейм да
-1
admin_portal
2017-04-07 09:59:13
shaadat.kg, Sema87, этика нормаларын сактаңыздар.
0
Babi.
2017-04-07 01:28:14
Фуууу
0
mentol
2017-04-07 02:49:12
Маникюр жасатып жатып шаймандардан коркуп калса азыр коркпой калыппы тообо, азыр мына тусундо маникюр жасатып эле журотко
0
Aselya_9105
2017-04-07 13:32:21
кайчыдан корксо кусачка деген бар го. обу жоктук да.
0
aismiris
2017-04-07 15:33:27
Мен тан калганым бул туалетке барганда ким аарчып берет ал жагын
0
Leilektik
2017-04-08 06:06:39
aismiris,ал жакта таш или бумага колдонбойт азыр ушундай туалеттер чыккан бутушун менен жууп тазалап койот керек болсо ойлонбо ага
0
dinar.meilibaeva
2017-04-07 16:05:49
Тооба кылдым..
0
aruuke9292
2017-04-07 19:25:07
Ушуга ким ишенсин. Искусственный эле болуп турат го
0
Leilektik
2017-04-08 06:03:48
Кыргызстанда аласын димидролду берип уктатып , Германияда адамдардын укугу тебеленбейт биздикине окшоп ,бул деле ой мамочка жоргомуш дегенден окшойт кайчыдан корккон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан