Бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында 7-Апрель окуясына карата иш-чара өттү. Алгач Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, шаардык кеңештин депутаттары 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арнап тургузулган эстеликке келип, куран окутуп, маркумдардын жаркын элесине арнап гүл коюшту. Андан соң маданий иш-чара уланды.