Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов эки жолу соттолсо да, кызматынан кетпей жатканын бүгүн, 10-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Ал 2012-жылдын 13-мартында шайланган. Ошол күндөн баштап ар кандай иштер менен соттолуп келүүдө. 2015-жылы Башкы прокуратура акимди кызматтан алуу тууралуу Өкмөткө кат жолдогон, бирок ушул күнгө чейин бир чара көрүлбөй келет. Эл чоңдорго аким тууралуу кайрылуу жазып келет. Ал кайрылууларга да жооп келбейт. Райондук кеңешке отчёт берүүдөн баш тартып "билген жериңерге баргыла" дейт. Элге отчёт бербеген акимдин кереги жок деп жатабыз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.