Интернетке Испаниянын аймагында учуп бараткан учактын жүргүнчүсү тарабынан тартылган видео жүктөлгөн. Андан белгисиз учуучу объектти көрүүгө мүмкүн. Мындай маалыматты бүгүн, 10-апрелде чет элдик басылмалар жазышты.
Видеодо белгисиз объект учактын астынан учуп чыгып, булуттарга кирип жок болуп кетет. Ал видео интернетке 5 күн мурун жайгаштырылган. Авиакаттамдын номери, объекттин кайсы убакта жана саат канчада тартылып алынганы азырынча белгисиз.
Интернет колдонуучуларынын айрымдары видеого тартылган белгисиз нерсени фотомонтаж аркылуу кошулган дешсе, башкалары анын метеорологиялык байкоолор үчүн колдонула турган кичинекей аэростат экенин айтышууда.