Алайдын Курулуш айылында жакын арада жер көчкү жүрүшү ыктымал. Мындай маалыматты бүгүн, 2-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиршити.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мониторинг департаменти тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, көчкүнүн түшүүсү 14 турак үйгө кооптуу экени аныкталган.
"Коркунуч келтирилген турак жайлардын тургундары айыл аймагынан башка жактагы туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 150 000 метр куб. Бүгүнкү күндө 14 даана чатыр жана ашкана буюмдарын жеткирип берүү жагы каралууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.