Биз социалдык тармакта

Бишкектин 100дөн ашык мектебине шахмат жабдуулары тапшырылды

Бүгүн, 20-октябрда, Бишкек шаарындагы 100дөн ашык мектепке шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу тиешелүү мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, демилге президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде ишке ашырылууда. 2026–2027-окуу жылында өлкөдөгү 500 жалпы билим берүү уюмунда 3–5-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулат.

Мектептерге шахмат такталары, фигуралар жана таймерлер берилди. Учурда жабдууларды өлкөнүн башка аймактарындагы мектептерге жеткирүү иштери башталууда.

Пилоттук долбоордун ишке ашырылышына 10 айдан кийин мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары бааланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан