Биз социалдык тармакта

Кыргыз операсынын жылдызы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салды

СССРдин Эл артисти, советтик жана кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин өрөөнүндөгү Кара-Булак айылында туулган. Ал Пётр Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктагандан кийин, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгек жолун баштаган.

Кайыргүл Сартбаева классикалык жана улуттук опералардагы негизги партияларды аткарган. Анын ичинен "Манас" операсында Каныкейдин, "Айчүрөктө" Айчүрөк, Калыйман, Келин жана башкалардын образдарын жогорку чеберчиликте тартуулаган. Ал бир катар окуу жайларда вокалдан сабак берип, 1986–1989-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору болгон.

SUPER.KG порталы Кайыргүл Сартбаеванын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан