5-майда Ысык-Көл облусундагы кум жээктерди таштандылардан тазалоо акциясы өтөт. Мындай билдирүүнү бүгүн, 2-майда "Таза Ысык-Көл" кыймылынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматта жазылгандай, туристтик мезгилдин башталышына карата уюштурулган акцияга кыргыз эстрадасынын ырчылары катышат.
"Кум жээктерди тазалоо иштерине бардык каалоочуларды чакырабыз. Биз Чолпон-Ата жана Бостери аймактарындагы көл жээктерди тазалоону мерчемдеп жатабыз. Бул аракеттер коомчулукту курорттук аймактарды таза кармоого үндөйт. Акция түрдүү сынак жана кызыктуу оюндар менен коштолот", - деп жазылат маалыматта.