ЖЫЛНААМА, 2-МАЙ: 84 жыл мурун акын жана журналист Барктабас Абакиров төрөлгөн

Мындан 84 жыл мурун, 1933-жылы 2-майда акын жана журналист Барктабас Абакиров Нарын облусундагы Кочкор районунун Төрт-Күл кыштагында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Константин Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун зоотехника факультетин бүтүргөн. 1970-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүндө окуган. 1955-1960-жылдарда Жумгал, Кочкор райондорунда селекционер, башкы зоотехник, Мал чарба илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеген.

Ал 1960-жылы журналисттик кызматка өтүп, "Советтик Кыргызстан" гезитинде адабий кызматкер, 1963-1968-жылдары Кочкор райондук "Эмгек туусу" гезитинде редактор, 1970-1971-жылдары Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинде инспектор, 1971-1980-жылдары Нарын облустук "Нарын правдасы" гезитинде башкы редактор, 1980-1987-жылдары "Кыргызстан" басмасында директор, "Кыргызстан айыл чарбасы" журналынын башкы редактору болуп иштеген. 1988-жылдан Республикалык маданият фондунда, Билим жана маданият министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштеген.
Барктабас Абакировдун ырлары 1954-жылдан тартып мезгилдүү басылмаларда жарыялана баштап, балдарга арналган биринчи ырлар жыйнагы "Чаарчык" деген ат менен 1961-жылы жарыкка чыккан. Анын 200дөн ашык ырына композиторлор, обончулар музыка, обондорду жазышкан. Китептери орус жана казак тилдеринде чыккан. Айрым чыгармалары орус, украин, беларусь, англис, итальян, поляк, түрк тилдерине которулган. Ал Александр Пушкин, Михаил Лермонтов, Мирзо Турсун-Заде, Расул Гамзатов, Борыслав Степанюк, Евгений Антошкин, Давид Кугультинов, Владимир Беэкмандын жана башка акындардын ырларын кыргызчага которгон.
Барктабас Абакиров 1962-жылдан тарта Журналисттер, 1973-жылдан баштап Жазуучулар союздарынын мүчөсү, Жазуучулар союзунун алдындагы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын мүчөсү болгон.
1983-жылы ага "Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наам берилген. Барктабас Абакиров Ардак белгиси ордени, медалдар жана Жогорку Кеңештин, партиянын Нарын облустук комитетинин, Маданият министрлигинин, Бүткүл союздук жаштардын лениндик коммунисттик бирикмесинин Борбордук комитетинин грамоталары жана Ардак грамоталары менен сыйланган.

2-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан