Президенттике талапкердин күрөөсүн 2 миллион сомго чейин көтөрүү сунушталууда

Парламентте президенттик шайлоого катыша турган талапкер 2 миллион сом күрөө төлөөсү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда белгилүү болду.

“Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев саясий партиялар үчүн 5 миллион сом каралганын айтты. Ал эми президенттикке талапкерлерге 2 миллион сом күрөөнү сунуштап жатышкандарын билдирди.

Коомдук ишмер Акжолтой Тукунов бул күрөөнүн көлөмү 100 миң сомдон эмнеге 1-2 миллион сомго чейин көтөрүлгөнүн сурады. "Кыргыз мамлекетинин экономикалык деңгээлинин өскөнүнөнбү же президенттикке талапкерлердин капчыгы көбөйгөндөнбү? Эмненин негизинде күрөө өсүп жатат? Бул бирөөнү таарынтып же кемсинтүү эмес", - деди Тукунов.

Мирлан Жээнчороев 30 миң жарандан кол топтогон талапкердин акча чогултууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. 2 миллион сомду 30 миң адамга бөлсөк 30 сомдун тегереги боло турганын билдирди. Анын айтымында, талапкердин колдоочулары 30 сом бере алат.

Ошол учурда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Тукуновго бул жөн гана сунуш экенин эскертип, ал дагы өзүнүн оюн айтса боло турганын билдирди.

Тукунов 500 миң сом күрөө коюу туура экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sherzatik
2017-05-02 17:37:13
Менин суранарым Акчаң менен эмес ыйманың келчи урматтуу президенттикке талапкер!!!Кыргызстанды акчага баалап калдыкпы? Эгер ушундай темпте кете турган болсок кырсык уурулук,сойкулук,адилетсиздик,тартипсиздик,жакырчылык улана беришинен күмөн жок.
+5
Riokyrgyz
2017-05-02 17:41:13
Ушинтип которуп жатып чыныгы эл учун иштеген инсандар келбей,жалан гана чонтогун ойлогон олигархтар келип жатат.
Анча акчаны толой албай арткада калышат,тологон олигархтар откондон кийин ордун толтуруу менен убара.
Лично мен бул оюнарды колдобойм,кечирип койгула.
+9
Abubakir05
2017-05-02 18:17:22
Ошондо да карапайым элдин акчасы кетет булардын чонтогу боскорсо эки кундо ашыгы менен толтуруп алышат тешип чыккырлар.
+2
Ulan2601
2017-05-02 18:47:35
Акчасы жок эл учун иштеп иштейм дегендер толтура билбей да калдым Кыргызстандын келечеги кандай болот
+2
Kroxa
2017-05-03 07:42:33
Ошол акча койсо казынага жакшы бирок башы иштебесе байындан бир тыйын керек эмес..андан коро ыймандуу,,ынсаптуу..миллионер эмес жарды желе адам болгондо окмоттун экономикасын которуп казынаны уномдомок...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан