11-12-май күндөрү Бишкекте 350 гектар аянтка отургузулган бак-дарактарга биологиялык дарылоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда зыяндуу курт-кумурскалар менен күрөшүү иштери кызуу жүрүп жатат жана ушул айдын аягына чейин бүтмөкчү. Бул иштер “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы тарабынан, Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын катышуусунда жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, Бишкекте бак-дарактар отургузулган аянттын жалпы көлөмү 4 миң 860 гектарды түзөт.