
Кыргызстандын 15 жашка чейинки балдар курама командасы Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан ФИФАнын өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпиондугун жеңиш менен баштады.
Кыргыз футбол бримдиги кабарлагандай, бүгүн, 24-октябрда өлкөнүн жаш оюнчулары алгачкы атаандашы болгон Уганда курамасы менен беттешип, 4-3 эсебинде утушкан. Нурэл Асылбеков жана Элхан Мыйманбаев каршылаштын дарбазасына бирден гол киргизишсе, ал эми Байэл Жанышбеков эки гол киргизген.
Белгилей кетсек, мелдеш 2011–2012-жылдары туулган футболчулардан куралган 190 команда катышып жатат. Оюндар кичирейтилген футбол талааларында 8ге 8 форматында өткөрүлүүдө. Катышуучулар 32 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын курамасы бул биринчиликке алгачкы жолу катышууда. Команда кийинки беттешин Экваториалдык Гвинеяга каршы өткөрөт.