“Суперфутбол-2013” мелдешинде жеңишке жетүү үчүн "Ырчылар" командасы 14-майда кезектеги машыгуусун өткөрдү. Машыгуунун жүрүшүндө алар “Балдар, чамынгыла! Байгеге сайылган тайды биз утабыз!” деп ураан чакырып жатышты. Айта кетсек, “Ырчылар” командасын “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча 2012-жылы “Заманыбыздын супер тобу” наамын багынткан “Биз” тобунун ырчысы Бактияр Токторов жетектейт. Командада Ынак Осмоналиев, "Супер-Инфонун" “2012-жылдын сахна адамы” наамынын ээси Омар, Мирбек Масалиев, Айпери Сыдыкова, Каныкей Акын, Асел Кадырбекова, Гүлнур Асанова жана башкалар бар. Айпери Сыдыкова машыгуу иштери башталгандан бери топту жакшы ойноп баштаганын билдирди.
“Сиздердин гезит мындай мелдешти өткөрбөгөндө ушунча команда эле эмес, ырчылар өздөрү деле чогулбайт болчу. Ошондуктан “Супер-Инфого” чоң ыраазычылыгымды билдирем. Ал эми машыгуулар жакшы өткөнүнө байланыштуу алгачкы күнгө салыштырмалуу бүгүн жакшы ойноп калыптырбыз”,- дейт Айпери.
Айта кетсек, “Супер-Инфо” гезити уюштуруп жаткан “Суперфутбол-2013” мелдеши 17-18-19-май күндөрү Бишкектеги "Дордой" спорт-комплексинде өтөт.