Журналистти коркутуп, мазактаган КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова дагы ооруп калып, фракция маселени караган жок

Бүгүн, 2-июнда КСДП фракциясы депутат Жылдыз Мусабекованын журналистти коркутуп, мазактаганы боюнча маселени караган жок. Буга депутаттын ооруп калганы себеп болгон.

Фракциянын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына маселе унутта калбай турганын, депутат фракция жыйынына келсе карала турганын айтты. КСДП фракциясынын жыйынына аталган маселе каралат дегенден тарта депутат 3 жолу ооруп келген жок.

Кечээ, 1-июнда Мусабекова парламенттин жалпы жыйынына катышкан. Буга чейин дагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйындарына катышып келген.

Айта кетсек, Интернетке депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.

Үпөл Анаркулова эл өкүлүнө тийиштүү чара көрүү боюнча президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, регламент боюнча комитеттин төрайымына кайрылуу жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта караларын кабарлаган. 25-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
grace
2017-06-02 13:52:02
КСДП партиясынын жүзү ушул, Жылдыз акмак аял экен. Ушинтип кутулуп кетем деп ойлойт го. Неге элдин акчасын жеп эч нерсе жумуш аткарбай жатышы керек? ХХХ Быйыл адеп, ыйман жана маданият жылы деп жарыяланып, өздөрүнүн кылып жаткан иши тескери, ХХХ
+13
admin_superstan
2017-06-02 15:20:39
grace, этика нормаларын сактаңыз.
-4
wwwbaxa
2017-06-02 13:53:15
бети жок жепжутар кантип жүрөт намыстанбай,бүт кыргыз эли укту го өзү эле тапшырыш керек эле негизи ары жагында болсо.
+12
Leilektik
2017-06-02 14:12:13
Жакшы намыстуу аял окшойт айткан созуно бушайман болуп келбей койгон,айткан созундой чын журоктон баарибир болгондо, отура бермек бети кызарбай фракциянын алдында
-14
ozgeldi
2017-06-02 14:23:05
Ак уйдогулор баары эле оорукчан окшойт
+12
KGstan1981
2017-06-02 14:30:49
Ооруй берсе анда эмесе не трудоспособный деген статья менен депутатык мандатынан ажыратып салыш керек.
+13
aigerimosh
2017-06-02 14:50:01
Тфу тфу жолдо жургон ит оорусун:)
+3
Jyrgal_msk
2017-06-02 15:02:20
Озуно оору тилеп жатканго
+10
AIZAD
2017-06-02 15:18:23
Jyrgal_msk,ошондой окшойт. Тилегине береке!!!
+5
mederkg
2017-06-02 15:11:39
Бизге мындай орукчан депуттардын не кереги бар.жазасын албай качып жүрөт орукчан баары эле оруп өлүмүш болуп калышат акчасы бар танышы бардын жашоосу болуп жатат азыр бизде аттиң
+7
piramida
2017-06-02 15:13:39
Жок ооруну өзүн чакырып жатыпсын кудайга тообо де айыкпаган оору жармашып журбосун
+5
Asman...
2017-06-02 15:26:53
Жепжутарларга акча берилет экен дегенде, олум тошогундо жатса да акчаны алып олойун деп келсе керек эле бети жок. Сага окшогон депутаттын барынан жогу. Уялбай кантип баш которуп журосун эми шерменде. Эне деген да сендей оозу бузук болобу.
+10
jalguzum
2017-06-02 20:49:37
Ушул депутат, министер, президент айтор баардык атка минерлерди щайлоодо Ден соолугун алдын ала текшертиш керек болуп калды. Болбосо кичине эле Бир косяктары чыкса ооруп калмай адат болуп калды буларга
+4
narbek
2017-06-03 02:30:31
Баары эле ооруйт окшойт булар ушул оорудан башка шылтоо тапса Эл кичине ишенмек.
+3
basima
2017-06-03 10:19:18
Конумуш адат камайбыз дей калышса операция боло калышат сокур ичегисин алдыртышып,эээх аман эле болушсунда бийликтеги кээ бир митайымдар
+3
temirov76
2017-06-03 11:00:50
СДПКга медсмотр керек.
+4
InsanIndira94
2017-06-04 16:25:42
Борончу акебиз айткандай "Бийликтегилерди бир-бирден кубалап жатып убактыбыз аябай кетип жатат да..Бир оптом кубалап ийип мындай концерт корууп эс албайлыбы я,кандай дейсинер???"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан