Бүгүн, 15-майда парламентте Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына сунушталган талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө. Алар: Чынара Айдарбекова, Жумадил Макешев, Айсалкын Нарынбекова, Жедигер Саалаев, Чолпон Осмонова жана Нурлан Садыков. Аталган кызматка талапкерлер тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев баяндама жасады.