Татарстанда өрттөнгөн “Новая Тура” соода борбору алып келген чыгым болжол менен 120 миллион долларды түзөт. Айтылгандай, күйүп кеткен борбордун коопсуздугу үчүн “Транснефть” ишканасы жооп берет. Ишкананын башкы директору Екатерина Двойникова соода борборунун камсыздандыруу күбөлүгү 132 миллион долларды түзөрүн айтып, учурда адистер чыгымды эсептеп жатканын билдирген.