Бүгүн, 16-майда Ак-Ордо жаңы конушунда балдардын чыгармачылык борбору ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ал жерде балдар шахмат оюну, бий, көркөм сүрөт, вокал ийримдерине катышып, спорт менен машыга алышат. Бул борбор Ленин райондук администрациясынын демилгеси менен ачылды.