УКМКнын телефон чалууларды тыңшоосуна жол берген мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңеште УКМК кызматкерлеринин жарандардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн соттун чечиминин негизинде тыңшоосуна уруксат бере турган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ал үчүн Жазык-процесстик кодекске, “Изин суутпай издөө иши жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүү киргизилип жатат. Телефондо сүйлөшүүлөрдү тыңшоо процесси прокуратура органдарынын көзөмөлүндө болот. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, угуучу жабдууларга катуу көзөмөл керек. Ошондой эле сот тарабынан телефон тыңшоо мөөнөтү алдын ала так аныкталууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан