Ушул жылдын 1-кварталында Кыргызстан боюнча 13 өспүрүм кыз зордуктоого кабылган. Мындай маалыматты Бишкек шаарындагы Балдарга жардам көрсөтүү борбору билдирди. Маалыматка ылайык, 2011-2012-жылдары бул борборго жабырланган 254 бала кайрылган. Алардын 34ү зордуктоого кабылгандар болгон. Ал эми серепчилердин расмий эмес маалыматтары боюнча дарыгерлерге ай сайын 3-7 жабырлануучу өспүрүм жардам сурап кайрылат.