Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум башталды. Азыркы тапта орусиялык ишкер Леонид Маевский көрсөтмө берүүдө.
"Өмүрбек Текебаев сентябрь айында Москвага келди. Аны менен менин бөлмөмдө жолугушуп, ал акцияларды сатып алгандан кийин "Мегакомдун" 15 пайыз активин беришибиз керек экенин айтты. Бирок биз ага макул болгон жокпуз. Ал нааразы болуп кеткен. Кийин ал макулдашуу 700 миң доллар берген соң ишке ашат деди. Мен 700 миң доллар бергенге макул болдум. Текебаевдин атынан бир адам ишканама келип кассир, катчынын алдында акчаны санап алган. Өмүрбек Текебаев акчаны алганын телефон аркылуу сүйлөштүк. Бирок иш негедир кечигип жатты. Чалсам Текебаев да, Чотонов да саясий иштер менен алек экенин айтып сүйлөшүүгө убакыт болбой жатканын билдиришти", - деди Маевский.
Ошондой эле ал иш кечигип жатканынан сентябрь айында кайра Бишкекке учуп келгенин, ошондогу жолугушуу абдан оор болгонун айтты.
"Биз ресторанда жолуктук, жолугушуу абдан оор болду. Алгач Чотонов келди да Текебаев келерин айтты. Текебаев келгенден кийин мен "бизнесте мындай иштер болуп турат, эгер ишке ашпаса акчамды кайтарып бергиле" дедим. Текебаев мага "бул жерде 600 миң доллар бар, аны алып тур калганын кийин эсептешебиз" деди. Бирок ал "азыр сенин акчаң короп бүткөн, биз сага акчаңды кайтарып беребиз, эки жумада сенден кандай алсак ошол жол менен кайтарабыз" деген. Кийин телефон менен сүйлөшүп турдук".