Өмүрбек Текебаев: "2010-жылы 13-майда "Хаятт" мейманканасында жыйынга катышканымды прокуратура жокко чыгарып жатат"

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө жарыш сөзүн улаган Текебаев 2010-жылдын 13-майында "Хаятт" мейманканасында жыйынга катышканын прокуратура жокко чыгарып жатканын айтты.

"Бекназаровдун айтымында, 2010-жылы 13-май күнү эртең менен саат 08:00дө Өкмөт үйүнө барып, мени менен жолугуп калган. Ал жерден бир аздан соң чыгып кетип, кайра 11де келген. Кийин Форумдун имараты тарапка барган. Прокуратура анын сөзүнөн пайдаланып "Текебаев "Хаятт" мейманканасында жыйынга катышпай эле, Бекназаров менен жолугушуптур" деп жатат. Мен 8:30дан тартып түшкү 13:00гө чейин "Хаятта" болгом. Бекназаров 11де кайра барса ким менен жолугушканын кайдан билели? Негизгиси, мени менен жолугушкан эмес. Көрсөтмөнү бурмалаган тараптар жооп берет", - деди Текебаев.

Буга чейинки соттук отурумдарга көрсөтмө беришкен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 13-май күнү Өмүрбек Текебаев конституциялык кеңешмеге катышканын айтышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rifle_I
2017-08-14 16:07:34
Абсолютно законду одоно бузуу. Туруп барып башына чаап салсаң, бирок законго баш ийиш керек.
Бийлик келет, кайра кетет. Бирок тарых унутулбайт.
+2
Rifle_I
2017-08-14 16:08:44
Садыр Жапаровду да камап жок кылышты. Бирок убагы келет. Ад да акталып чыгат. Ошондо Кумтөр мамлекетке алынат, мегаком 100% мамлекетке алынат. Ага чейин беш колун тыгып, бутун кошо соруп турушсун.
+4
Cekech
2017-08-14 17:34:04
Rifle_I,сен билип билбей эле дооруй берейинби,Мегаком азыр 100% окмотто,а Кумьооду бакиев атан 2020жылга чейин АША келе электе эле договор тузуп койгон. Ууру, мародерлор турмодо отурушу керек.
-1
Sultanmatievkg
2017-08-14 16:18:30
Шайлоодо сатылбагыла да
+1
Alixan-Nookat.2015
2017-08-14 16:38:28
Мына Бекназаров эмнеге эле ортого кыпчылып жатат ХХХХ окшоп.
-1
admin_superstan
2017-08-14 17:09:57
Alixan-Nookat.2015, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан