Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту түштөн кийинкиге жылды

Бүгүн, 29-сентябрь күнү саат 10:00дө Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралмак. Бирок Чотоновдун жылуу кийими жок болгондуктан ишти кароо саат 14:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Арызды Бишкек шаардык соту карап жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан