Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Соттун жүрүшүндө айыпталып жаткан Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары Маевский калп айтып жатканын жана көрсөтмөсүндө айткан күндөрүнөн жаңылышып жатканын билдирип, буга чейин интернетке тараган видеону көрсөтүү сунушун келтиришти. Сот алардын өтүнүчүнө макул болду.
Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.