Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Соттун жүрүшүнда Өмүрбек Текебаев Леонид Маевский менен эмне максатта жолукканын айтып берди.
"Мен Маевский менен 2 жолу жолуккам. Шайлоо алдында түрдүү өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушуу өткөргөм. Менин Орусияда таанышым жок эле. Бирок Чотонов мага чалып Маевский саясатчылар менен байланышы бар адам экенин айтты. Маевский менен сентябрь айынын 5-6сында жолуккам. Ал 2010-жылы шайлоодо мени менен Орус саясатчыларынын сүйлөшүүсүн уюштуруу милдетин алып, бирок уюштура алган эмес. Маевский менен Текебаевдин жолугушуу максаты Кремлден колдоо табуу болгон", - деди Текебаев.
Ошондой эле ал төмөндөгүлөрдү кошумчалады: "Декабрдын аягында Текебаев менен Маевский жолугушкан эмес. 20-декабрда менин туулган күнүм эле. Ал жерде куттуктоочу адам көп болчу. Маевскийден бир тыйын алган эмесмин".
Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.