Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Соттук отурумда күбө катары "НУР Телеком" ишканасынын маркетинг боюнча директору Дмитрий Жуков көрсөтмө берүүдө.
Ал Модин менен болгон тааныштыгы тууралуу айтты.
“Мен 2010-жылы Модиндин сунушу менен "НУР Телекомдон" жумуштан бошогом. Анда сентябрь айынын аягы болчу. Мага Модин "бирге иштешели" деп сунуш кылган. Күттүм, кийин күтүүдөн жыйынтык жок экенин түшүндүм. Иш болбогон соң 2011-жылдын июнь айына чейин жумушсуз жүрүп, кайра мурдагы өз ишиме кайттым. Ошол бойдон Модин менен байланышкан жокмун”, - деди Жуков.
Ошондой эле ал Модин ага кандай кызмат сунуш кылганын да билген эмесмин деди.