Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 17-майда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Рамиль Гасановду кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын ЖКнын аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев катышты. Тараптар үстүбүздөгү жылы 10-12-июнь күндөрү Түркиянын Анкара шаарында өтө турган Парламенттик ассамблеянын IV пленардык жыйынына тиешелүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле ТүркПА алкагында кызматташуу келечеги тууралуу пикир алышышты.