Казак чиновниги Кыргыз-Казакстан чек арасындагы көп саатка созулган кезекти тартипке келтирүүнү сунуштады

Казакстан-Кытай чек арасындагы "Хоргос" эл аралык чек ара кызматташтык борборундагы жана Казакстандын Кыргыз өлкөсү менен чек арасындагы көп саатка созулган кезектерди тартипке келтирүү сунушталды. Казакстандын мамлекеттик кызматтардын иши жана коррупцияга каршы аракеттер боюнча агенттиктин төрагасынын орун басары Алик Шпекбаев тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө мындай сунуш киргизгенин казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

"Эгер сиз вице-министр катары Казак-Кыргыз чек арасына барсаңыз, сизди 10 же андан аз мүнөттө өткөрөт. Жакында мага жарандар телефон чалышып, 5 сааттан бери Ысык-Көл тарапка өтө албай жатканына нааразычылыктарын айтышты. Бул убакыттын ичинде Алматыга эки жолу келип кеткенге мүмкүн", - деп Алик Шпекбаев чиновниктерге кайрылган.

Ошондой эле ал "Хоргос" эл аралык чек ара кызматташтык борборундагы абалды тартипке келтирүүгө чакырып, адамдардын жарым саатта чек арадан өтүүсүнө шарт түзүп берүү керектигин айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан