"Дыйкандар чек ара маселесине байланыштуу чыгымга учурады. Аларга өкмөт жардам көрсөтүшү керек", - деди депутат Акылбек Жапаров бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештеги жыйында.
"Биз парламенттин атынан өкмөткө тапшырма берсек. Биздин чек арадагы айыл чарба азык-түлүктөрү жүктөлгөн унаалар топтолуп калды. Фермерлерибиздин баары аябай зыянга учурады. Өкмөт кийинки шаршембиге чейин өзүнүн кечиктирилгис чараларын көрсүн. Биздин фермерлерге, жүк ташуучуларга тарткан зыяндарынын ордун толтурууга кандай жардам берилет? Мындай мүмкүнчүлүктөр бар. Бюджет кодексине ылайык, башка өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу кризис чек арада чыр чыккан убактарда өкмөт башчынын өзүнүн фондунан жардам бере алат. Өкмөт башчы ошол фондунан жардам көрсөтсүн. Аларга күйүүчү май, фермерлердин кредит төлөө мөөнөтүн узартып, тийиштүү топтомду алып келсеңиздер", - деди Жапаров.