Текебаев, Чотонов сотто прокурорлор менен чырдаша кетишти

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча отуруму уланууда. Күбөлөрдүн бири Исабек Алдосов 2010-жылдын 13-майында Өмүрбек Текебаевдин кабыл алуусунда болгонун билдирди. Ал жактоочулардын суроолоруна жооп берип жатып Текебаевдин өкмөт үйүндөгү иш бөлмөсүн биле турганын, Модин көрсөткөн бөлмө Текебаевдики эместигин айтты.

Андан соң Текебаев прокурорлорго кайрылып "күбөлөрдөн жөндүү жана жумшак суроо берип жооп алгыла. Эмне кекетесиңер" деди. Прокурорлор ишке тийиштүү маселелер боюнча суроо берип жатканын айтып жооп кылышты. Ал эми прокурорлордун бири сотко сот залында тынчтык сакталышы керектигин эскертүүнү суранды. Бирок Текебаев менен Чотонов ордуларынан туруп прокурорлорго "Эмне кыла аласың?! Былжырабай отур!" деген сөздөрдү айтышты.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat.97
2017-09-07 11:45:08
Ушул экоонун соту бутсо болот эле
+4
Mers124
2017-09-07 16:00:15
Молодчик, кыргыздан биринчи жолу прокурор менен сотко каяша айткан киши болду го. Болбосо бужуроп эле тагдырым сенин колунда деп багынып беришчу эле.
0
nurhan2702
2017-09-07 22:18:05
Акыйкат жоголду го.Жок жерден жалаа жаап камап атса кыйкырат да анан.Баш кесмек бар тил кесмек жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан