Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө Өмүрбек Абдрахмановду Модин менен беттештирген учур жана Модиндин Текебаевдин иш бөлмөсүндө кантип жолугушканын айтып, көрсөтүп берип жатканы тартылган видео көрсөтүлүүдө.
Видеону көрүп жаткан Текебаев Абдрахманов менен Модин анын иш бөлмөсүндө жолугушуусу мүмкүн эмес экенин айтты.
“Модин видеодо 2010-жылы 13-майда Текебаевдин иш бөлмөсүндө жолуктук, кийин Абдрахманов келди деп жатат. Ал эми Абдрахманов 13-майда АКШда үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн. Анан кантип алар жолугушуусу мүмкүн?” - деди Текебаев.
Ал эми Текебаевдин жактоочусу Модиндин көрсөтмөсүндө дал келбөөчүлүктөр көп экенин кошумчалады.
“Модин өкмөт үйүнө борбордук эшиктен кирдик деп жатат. Ал учурда борбордук эшик жабык болгон. Андан сырткары Абдрахманов көрсөтмөсүндө "мен ошол учурда депутаттык топтун төрагасы элем" деп жатат. Ал 2010-жылы 12-майда төрага болуусу мүмкүн эмес. Анткени ал ошол жылы октябрда гана депутат болгон”, - деди жактоочу.