ЖЫЛНААМА, 23-СЕНТЯБРЬ: 169 жыл мурун алгачкы сагыз чыгарылган

1848-жылдын 23-сентябрь күнү америкалык Жон Куртис аттуу ойлоп табуучу үйүндө эң алгачкы сагызды чыгарган.

Бирок ага чейин эле, тактап айтканда, биздин заманга чейинки 2-7-кылымдарда сагыздардын пайдалангандыгын Түндүк Европада табылган кара чайырлардан байкашкан. Анда адамдын тиштеринин издери калган. Байыркы гректер мастика жыгачынын чайырын чайнашкан. Ал эми индиялыктар мындан 1000 жыл мурун тиштерин тазалоо жана жытын кетирүү үчүн саподилла мөмөсүнүн коюлтулган ширесин пайдаланышкан.

Түштүк Америкада болсо ийне жалбырактуу бактардын чайырын чайнашкан. Кийинчерээк бул жердеги жашоочулар чайырга аарынын балын кошуп чайноого өткөн.

Ошондой күндөрдө Жон Куртиске кызыл карагайдын чайырынан өндүрүштүк сагыздарды чыгаруу идеясы келген. Куртис ага жыпарланткычтарды кошо баштаган. Акырындык менен анын өндүрүшү кеңейген.

Томас Адамс аттуу ойлоп табуучу 1969-жылы сагызга жаңы жашоо берген. Тактап айтканда, бул мезгилден тартып сагыздар көк сагыз, тоо сагыз өсүмдүктөрүнүн сүтүнөн даярдала баштаган. Элдерге сагыздын мындай ыкма менен чыгарылгандыгы жакканын байкаган өндүрүшчүлөр аны тынымсыз чыгарып турууну чечишкен. 1871-жылы Адамс сагызды автоматтык түрдө чыгара турган машинаны ойлоп тапкан. Мындан тышкары анын даамын жагымдуу кылуу үчүн мыя чөптүн экстрактын кошкон. Муну менен сагызга болгон суроо-талап мурдагыдан бир топ өскөн.

Кийинчерээк сагыздар СССР өлкөлөрүнө да келе баштаган. Советтик Республикалар өздөрү бул өндүрүштү колго албагандыктан сырттан алынып келген сагыздар өспүрүмдөр жана балдар үчүн чоң кызыгуу жараткан. Суроо-талаптын көптүгүн байкаган СССР өндүрүшчүлөрү аны өздөрү чыгара башташкан. 1990-жылдары сагыздар кооз кагаздарга оролуп, ичинен кошумча кагаздар чыгарылган. Бул аны топтогон балдардын эң кызыктуу оюнуна да айланган.

23-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан