Кыргыз-Тажик чек арасындагы Исфара-Ворух жолу жабык бойдон калууда. Бул тууралуу Ак-Сай айыл аймагынын жашоочусу Эргешбай Ниязкулов билдирди.
Ал чек ара аймагындагы абалды чек ара кызматынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатканын белгиледи. "Кечээ ооруканага 11 адам кайрылган. Алардан кабар алып келдик. 9 адам октон ар түрдүү жаракаттарды алган. Биринин кан басымы жогорулап кеткен. Чек арадагы жол жабык бойдон калууда", - деди ал.
22-июлда саат 17:20да Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөсүнө операция жасалганын кабарлаган.