Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан жаракат алган 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинди

Бүгүн, 10-майда Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан улам жаракат алышкан 3 аскер кызматкери Бишкек шаарына атайын борт менен алып келинди. Бейтаптар Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жатышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Аскерлер Бишкектеги Улуттук госпиталга жаткырылды.

1994-жылы туулган С. уулу М. кыр арканын көкүрөк тушуна, курсак жана жамбаш сөөгүнө октон жаракат алган. Оорукананын анестезиология жана кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Абалы туруктуу оор.

1995-жылы туулган А.уулу М. жана 1996-жылы туулган Т.уулу Ч. көкүрөгүнө ок тийген. Абалдары канааттандырарлык.

Учурда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин жана адистердин катышуусундагы дарыгерлердин консилиуму өтүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша бейтаптарды дарылоо жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

8-майда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында ок атышуу болуп, Мамлекеттик чек ара кызматынан абалды оор деп билдирген. Ал эми андан кийин, чырдан улам 3 аскер кызматкери жана бир тургун жаракат алганы маалымдалган. Анын эртеси Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Нотага Тажикстан жооп берип, анда Кыргыз тарапка окуяга тиешелүүлөрдү аныктап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабын койгон. Ушундай эле талапты Кыргыз тарап да Тажикстанга жөнөткөн нотада айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nur777
2020-05-10 17:52:40
Сакайып кетишсин жоокерлер!
Чек ара маселесин чечкиле!!!
0
Nur777
2020-05-10 17:53:11
Супер,алынып келинди беп жазылат,дагы бир жолу айтам.
0
admin_portal
2020-05-10 23:11:09
Nur777, алып келинди же алынып келди болот, туура эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан