Өкмөт: "Кыргыз жана Тажикстандын вице-премьерлери чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү"

Кыргыздын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда болуп, өткөн окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар окуяны биргелешип иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты. Мындан тышкары тараптар биргелешип күзөтүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин калкы арасында түшүндүрүү иштерин улантууга макулдашышты. Жергиликтүү бийлик органдары кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жасоо иштерин улантышууда", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salimbek87.kg
2019-07-24 09:06:54
Сүйлөшүүнү жаңжал чыгаардан алдын сүйлөшүү керек толкь жок силерден өкмөт
+2
Tolkun555
2019-07-24 09:11:24
Вицелер эч нерсени чече албайт.премер же президент барса олобу?тем боле Жениш Разаков.Губернатор болгондо да эч нерсе чечкен эмес.чече албайт дагы.азыркы окмот эртенки кунго эсен жетсек болду деген немеде жашап жатат
+1
elb_2121
2019-07-24 09:26:29
иликтеп жиликтеп не кыласын Женя баары ачык айкын болуп турбайбы,иликтесенда суйлошсон да ошол жер талаш андан коро чек араны тактап зым тартып койолу болду бутту иш
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан