Өкмөт башчы талапкер Жээнбековго үгүттөгөн Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берүү жана штаб жетекчилигинен алуудан башка катаал чара көрүлбөй турганын билдирди

Өкмөт жетекчиси Сапар Исаков элди талапкерлердин бирин колдоого үгүттөгөн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге буга чейинки эскертүү берүү жана шайлоо боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошотуу чарасы жетиштүү деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнура Төралиева билдирди.

21-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков Дүйшөнбек Зилалиевге президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөнү үчүн эскертүү берип, шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошоткон.

Ал эми 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөткө Зилалиевдин кызматтык жоопкерчилигин кароодо катуу чара көрүүнү сунуштаган чечимин жөнөткөн эле. Зилалиевге карата жогорудагыдан башка чара көрүлбөй турганы белгилүү болду.

Эске салсак, 19-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусунун активи менен жолугушууда КСДПнын талапкерин колдоого үндөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adil706070
2017-09-27 18:20:50
Карга карганын козун чукубайт дегендей да.
Эгерде Жээнбековдон башка талапкерди колдоп угуттогондо ошол куну ага карата мыйзамдуу турдо деп жазалашмак. Бул бийликтин эки жуздуулугу дагы канча убакытка созулар экен убакыт корсотот,убакыт тараза
+9
futboler
2017-09-27 18:33:39
Чечкиндүү болсо болмок, элдин алдында аброю көтөрүлүп, ишенимге кирмек
+6
Nazar76
2017-09-27 18:46:01
Сдпк нын адамдары ашага ишенет аларга жон эле эскертуу берсе тан калыштын кажети жок
+7
Metior8019
2017-09-27 23:50:58
Элдин кыжырына оздору тийип жатат.Дежур чалдар, дежур балдар оюндарын баштады. эн кызыгы ошол дежурлар.Алгага, Акжолго чуркаган.Бабаларыбыз баатыр болгон деп,бирок бийлиги барга жалтандаганыбызга ичим ачышат. Шайлоо калыс отуп эл тандаган Президентке ээ болсок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан