ЖЫЛНААМА, 29-СЕНТЯБРЬ: Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү


Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү 1999-жылдан бери белгиленип келет. Бул демилгени Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, ЮНЕСКО жана башка ири уюмдар колдоого алган. Адегенде жүрөк күнү сентябрь айынын акыркы жекшембиси өткөрүлүп келген болсо, кийинчерээк 29-сентябрда белгиленген.

Бул күндү белгилөөнүн максаты - дүйнө элин жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга, ага чалдыгуудан абайлоого чакыруу. "Жүрөк - жашоо үчүн" деген ураан менен бул күн дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүндө белгиленет. Анда ден соолукка байланышкан иш-чаралар, лекциялар, спектаклдер, илимий форум-көргөзмөлөр, концерт-фестивалдар өткөрүлөт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, учурда жүрөк-кан тамыр оорулары көпчүлүк адамдардын каза тапкандыгынын башкы себебине айланды. Жыл сайын бул илдет дүйнөдөгү 17 миллион адамдын өмүрүн алат. Инфаркт жана инсульт ооруларына кабылып, жаш чагында каза болгондордун 80 пайызына дени сак жашоо образын кармабагандыгы, чылым чегип, спирттик ичимдиктерди ашыкча пайдалануусу, активдүү кыймыл-аракеттин жоктугу себеп болгон.

29-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан