Канат Исаевдин баш коргоо чарасы мурдагы аскердик соттун имаратында карала турганы белгилүү болду

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасы каралат. Учурда анын 200гө жакын тарапташтары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына чогулуп, Исаевди бошотуу талабын айтышууда. Келгендердин арасында анын туугандары бар.

Учурда Исаевдин баш коргоо чарасы мурдагы аскердик соттун имаратында карала турганы белгилүү болду. Журналисттер жана депутаттын тарапташтары ошол жакка жөнөштү.

Эскерте кетсек, депутат Канат Исаев массалык баш аламандык уюштуруу, кылмышка даярдануу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 30-сентябрь күнү кармалган. Кечээ, 1-октябрда депутат 48 саатка камакка алынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tekecher
2017-10-02 16:32:14
Кузгуну ким сындырды крузактын акыркы суротто?
-1
Gema
2017-10-02 16:46:31
Иш кылаардан мурда ойлонущ керек болчу.
+2
cyrus
2017-10-02 17:10:23
Жазасын алсын акталып кетбей
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан