БШК сайтында добуш берүүнүн жүрүшү көрсөтүлүп калганы боюнча түшүндүрмө берди

14-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында президенттик талапкерлерге добуш берүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлүп жаткан. БШК сайтында добуш берүүнүн жүрүшү көрсөтүлүп калганы боюнча түшүндүрмө берди.

"2017-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнүнө даярдыктардын алкагында шайлоо участкаларында автоматтык эсептегич урналар (АЭУ) менен борбордук сервердин интернет байланышын камсыздоочу жабдууларды текшерүү жүрүп жатты.

Шайлоонун жүрүшүн байкоо үчүн 59 мамлекеттен 773 эл аралык байкоочу келди. БШКнын демилгеси менен 14-октябрда маалыматтык добуш берүү системи менен автоматтык эсептегич урналарды байкоочуларга көрсөтүү уюштурулду. Мындан улам АЭУдан маалыматтарды кабыл алуучу сервер ачылган. Презентация учурунда АЭУ реалдуу режимде маалыматтарды борбордук серверге жөнөтүп, ошол мезгилде жыйынтык маалыматтык добуш берүү системинде сайтка маалыматтар чыгып калган. Кийин маалымат сайттан алынган.

БШК сайттагы маалыматтар алдын ала добуш бергендердин жыйынтыктары эместигин белгилеген. Имараттан сырткары добуш бергендердин бюллетендери автоматтык эсептегич урналарга добуш берүү бүтөргө жакын 15-октябрда гана салынат", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, кечээ, 14-октябрда саат 17:30 чамасында көчмө урна менен добуш берүү жүргүзүлгөн. Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы одоно бузулуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында президенттик талапкерлерге добуш берүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлүп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bars111
2017-10-15 08:45:08
Эптеп шылтоо таптыңарбы ээ БШК? 14 күндөн бери аны бир жолу да текшерип көрбөпсүдөрда. Эээх БШК адилеттүү болгула ...
+9
Adi.Avazbekov
2017-10-15 08:48:04
Emnege anda baaryna birdei dobush berbei Sooronbaiga koop saldynar. Bul degen Sooronbai baaribir otot Owogo dobush bergile degen ugut iwi boldu. Myndai iwterge joop beriw kk BSHK ozu ugutop bawtagango
+4
ajdaaar
2017-10-15 08:48:24
Айттым эле го, шайлоо алдында техникалык мучулуштук же сыноо ж.б.деп кутулуп кетет деп.... Негизи бул маалыматты атайлап чыгарып ММКларга жонотушкон...
+2
iskend
2017-10-15 09:21:17
Жомок айтууну билет алао
+1
Rasul94
2017-10-15 09:21:30
БШК га салам
+1
010288
2017-10-15 09:46:59
Карапайым эл отурган одноклассники...фейсбук сайттарындагы сурамжылоону да карап койбопсунар урматтуу БШК
+1
butun.kg
2017-10-15 10:05:57
БШК козунорду ачкыла. Биринчи эл селерди жок кылат эми.
+2
jbolotov
2017-10-15 14:06:37
БШК да иштеген адамдар силер Аллахка барганда ушунча элди алдап жургонунорго кантип жооп бересинер? Бир адамдан коркуп бутундой калкка калп айткандар силерде намыс, ыйман деген жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан