Депутаттар жаӊы төрагага Астанага барып Казак тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүнү сунушташты

Депутат Алтынай Өмүрбекова жаңы шайланган спикер Дастан Жумабековго Астанага барып, Кыргыз-Казак чек арасы боюнча сүйлөшүп келүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда парламент жыйынында билдирди.

"Кыргыз-Казак чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүшү керек. Комиссия чек арадагы окуядан келтирилген зыяндын өлчөмүн аныкташы зарыл. Жүк ташуучуларга кандай жардам көрсөтө алабыз? Бул маселени дипломатиялык жолдор менен чечүү керек. Жогорку Кеңеш Казакстандын парламенти менен сүйлөшүү жүргүзсө, бул маселени чечүү үчүн бардык каналдарды камтышыбыз керек. Жаңы шайланган спикер Астанага барып сүйлөшүү жүргүзүп келсе жакшы болот", - деди Өмүрбекова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан