"Талас облусундагы Киров суу сактагычынын суусун агызуу чек ара маселесине тиешеси жок". Мындай оюн Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Кокумбек Таштаналиев бүгүн, 18-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Анын билдиришинче, сууну агызуу оңдоо иштерине гана байланыштуу.
"Казакстан суу сактагычтагы ички оңдоо иштерине кийлигишпейт, суу сактагычтын сыртындагы, биз көрсөтүп берген жерлерди гана оңдошот. Буга жылына 25, 30 миллион тенгенин тегерегинде акча коротулат. Ал эми калган 40-45 миллион тенгенин тегерегиндеги акчаны Талас облусундагы жана Чүй облусундагы суу сактагычтарды оңдоп-түзөө иштерине жумшашат.
Албетте, баалар өсүп жаткандыктан бул каражат аз. Ошондуктан "бөлүнгөн каражаттын көлөмүн минималдуу түрдө 120 миллион тенгеге көбөйткүлө" деп Казакстанга сунуш бергенбиз. Алар кийинки жылдын планына киргизип чече турганын айтышууда. Жакынкы аралыкта бул маселе оң жагына чечилет деген ойдобуз", - деди ал.
Ал эми сууну агызуудан Манас району да, Казакстандын Жамбыл облусуна да кооптуу жагдай жаратпай турганын кошумчалады департаменттин жетекчиси.
Эскерте кетсек, Киров суу сактагычы 1975-жылы Талас дарыясына курулган. Эртеңден баштап андагы 30 миллион метр куб суу толугу менен агызыла турганы күтүлүүдө.