Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур өрөөнү менен Жер-Көчкү айылын байланыштырып турган көпүрө жараксыз абалга келди. Мындай маалыматты бүгүн, 28-октябрда окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бул көпүрөдөн унаалар да өтчү. Бирок анын жыгачтары чирип, сынып кооптуу абал жаралды. Учурда бул көпүрө аркылуу өтүү - тобокелге баруу. Аны калыбына келтирбесе жергиликтүүлөргө түйшүк жаралат", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.