ЭЛДИК КАБАР: "Баткен облустук төрөт үйүн таракан каптап кеткен, биз кооптонуп уктай албайбыз" дейт окурман

Бүгүн, 29-октябрда окурман Баткен облустук төрөт үйүнүн абалын сүрөт, видеого тартып "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жөнөттү.

Билдирүүдө төрөт үйүндө таракан көбөйүп кеткендиги, бул абал андагы энелерге ыңгайсыздык жаратып жаткандыгы айтылат.

"Төрөт үйүндөгү абал ушундай экен. Түнкүсүн уктагандан, ымыркайларыбызды чечинтип кайра орогондон чочулап турабыз. Бөбөктөрдүн ичине кирип кетеби деп чочулап, тынч уктай албайбыз. Төрөт үйү го, эмнеге тазаланбайт?" - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Баткен облустук төрөт үйүн таракан каптап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
ainuska00
2017-10-29 12:14:31
Окунучтуу.Торот уйлордо абал ушул болсо....Санитаркалардан бери суйунчу алышат го,врач,мед персоналды кошбогондо.Контрольду кучотуш керек.Оозубуз менен айтылат,кылган эч ким жок....
+5
upol92
2017-10-29 12:36:30
Жаш балдардын кулагына кирип кетсе не болот тоооба. Тазалашпайбы
+7
nur8777
2017-10-29 12:57:20
Акча алышты билет,тазалашты билбейт окшойт булар. Текшеруу жок да. Арыздангыла торот уйундо жаткандар.
+9
janymjamal
2017-10-29 13:00:11
Мен уч бала тороп роддомдо жатып чыксам уч жолкусунда таракан туну мн айланчыктап чыкчу аябай кыжалат болосун качан оозу мурдуна кирип кетет деп... Бирок алар тамак аштын жытына кт окшойт. Озубуздо да куноо бар палатага тамак койуп
+6
mirgul-83
2017-10-29 13:17:49
Баткенде эмес Ош областтык торотканалар деле ушул акыбалда.
+3
datkayimjan
2017-10-29 13:39:43
Копчулук эле ооруканаларда абал ушундай.
+1
tatynam_88
2017-10-29 14:02:20
Эн действующий способ.борный кислота менен жумуртканын сууга бышканы.бул эсперимент.колдонгула
+1
Kaninaiman
2017-10-29 21:38:02
tatynam_88,толук жазсаныз эмне кылыш керек ал экоонон???? Сураныч
0
Leilek-razzakov
2017-10-29 23:42:37
Kaninaiman, Интернетти карасан да бар. Жумуртканы сууга бышырып ичиндеги сарысына +борный кислотанын порошогун аралаштырып бир аз май кошсонорда болот курутка окшотуп тоголоктоп (кичине кичине кылып) таракан коп журчу жерлерге, бурчтарга ж.б жерлерге коюп койсон жок болуп кетет таракандар. Жесе олуп да калат.
+1
sarbo
2017-10-29 14:07:37
тороткана боюнча айтсам Айдаркен шаарындагыдай таза, талапты каттуу койгон ,медицина талабына жооп берген тороткана жок
0
amina_kyzym
2017-10-29 14:53:25
4roddomdo da kop eken
0
Umetalievna
2017-10-29 17:58:43
Айииииий. Тазалашбайбы.чара колдонуш керек
0
Varonin
2017-10-29 19:01:39
Tatynam_88 кандай жасайт ал способту
0
Aikoo2014
2017-10-30 13:40:18
Бул корунуш Баткен шаардык торотканасында эле эмес,башка торотканаларда деле коп. Текшеруу болбосо эч ким тазалабайтда албетте.
0
fea1990
2017-10-30 15:13:36
Баткенде бир тороткана эмес бардык болумдорудо бар таракан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан