Каныкей Гүлнур Сатылганова менен "Нандын жыты" ырын бирге аткарды
Ырчы колуна комуз алып, "Күйдүм чокту" созду
Ырчы колуна комуз алып, "Күйдүм чокту" созду
Күйөрмандардан букеттер, белектер арбын келди
Ырчы Нурбек Савитахунов
Көрүүчүлөр ар бир аткарылган ырга кол чаап отурушту
“Oakland” тобу менен дуэт
Ырчы ар бир ырын берилүү менен аткарып жатты
Каныкей өзү айткандай, оң жана терс сапаттары тирешүүдө
Ырчы айым музыканттардын коштоосунда жандуу үн менен ырдады
Каныкей "Город" аттуу жаңы ыры менен
Ырчынын "Город" аттуу ырынын бетачары болду
Концерт учурунда алып баруучу Эркин менен Каныкей тамашалашууга жетишти
"Адем" бийчилер тобу конокко келди
"Адем" бийчилер тобу конокко келди
Ырчы ар бир ырын берилүү менен аткарып жатты
Каныкей ырдоо менен катар өзгөчө бий бийледи
Концертте алгачкылардан болуп "Садагам" ыры аткарылды
30-май күнү
Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Каныкей жеке концертин берип,
“Садагам” ыр жыйнагынын бет ачары болду. Каныкейдин талантын баалаган күйөрмандары
залга толуп, ырчы концерт бүткүчө музыканттардын коштоосунда жандуу
үн менен ырдады. Концерттик кечени Эркин Рыскулбеков алып барды. Анда конок
катары “Oakland” тобу, ырчы Нурбек Савитахунов жана Гүлнур Сатылганова келип, Каныкей менен дуэт ырдашты. Ошондой эле Атай Өмүрзаковдон сабак алган “Адем” тобу көрүүчүлөргө бий тартуулашты. Дайыма
өзгөчөлөнүп жүргөн Каныкей күйөрмандары үчүн комуздун коштоосунда да обон созуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Концертке
келгендер ар бир аткарылган ырга шатырата кол чаап, көңүлдүү отурушканын белгилеп коёлу.