АКШнын Флорида штатынын Таллахасси шаарындагы Брэгг мемориалдык стадионунун жанында болгон атышуудан 12 адам, анын ичинде 6 жашы жете элек бала жаракат алды.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, ишемби күнү кечинде бүтүрүүчүлөрдүн кечесинде ок атышуу болгон. Жаракат алгандардын эң кичүүсү 11 жашта. 12 жабырлануучунун 11и октон жаракат алган. Кеминде үчөө оор жаракат алган, ал эми калган тогузу туруктуу абалда деп болжолдонууда.
Полиция атышуунун жагдайларын иликтөөнү улантууда. Укук коргоо органдары азырынча эч кимди камакка алган жок. Алдын ала маалыматтарга караганда, атышуудан мурун мушташ чыккан, бирок окуянын калган жагдайлары иликтенүүдө.