Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов экинчи атаандашын утуп, чейрек финалга чыкты.
Ал турнирди 1/8 финалдык баскычта кытайлык каршылашын 8:0 эсебинде жеңип алды. Кыргыз балбаны 72 килограмм салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычта түркиялык спортчуну уткан.
Айта кетсек, Исмаилов былтыр февраль айында президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нуркожоевага үйлөнгөн.