Биз социалдык тармакта

Үч эм төрөгөн эне убадаланган үйдү ала электигин айтып чыкты (видео)

Үч эм төрөгөн эне убадаланган үйдү ала электигин айтып, соцтармактагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Ал 2024-жылдын октябрь айында УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө башчысынын атынан 500 миң сом берип, 3 бөлмөлүү батир убадаланганын эске салды.

"Бирок ал убада аткарылбай эле, маалымат каражаттарында үй белекке берилгени тууралуу жарыяланып кеткен. Биз Кара-Суу районунун акимине бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок жыйынтык чыккан жок. Кийин президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевге кайрылганыбызда, ал Ош шаарындагы ипотекалык компаниядан батир алганга жардам берди. Бирок биздин учурда ипотеканы төлөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок", - деди ал.

Үч эм төрөгөн эне убадаланган үйдү ала электигин айтып чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан