Бүгүн, 2-декабрда Кыргыз-Казак чек арасы боюнча жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол картасы боюнча келишимге вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жана Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары Аскар Мамин кол койгон. 3-декабрга караган түндөн баштап чек ара кадимки тартипте иштей баштайт.
Эске салсак, Кыргыз өкмөт мүчөлөрү кечээ, 1-декабрда Астана шаарына барышкан.
30-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Минскте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, Кыргыз-Казак кызматташтыгы, анын ичинде чек арадагы кырдаал тууралуу талкуулашкан.
Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар ушул жылдын 10-октябрында жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте туруп келген.