Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Кайнарбек Токтомушевге дипломатиялык нота тапшырды. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазышууда.
Маалыматка ылайык, буга Алмазбек Атамбаевдин "Euronews" телеканалында айткан билдирүүсү себеп болгон. Президент Казакстан 2010-жылы чек арасын жапканы тууралуу айтып, андан улам адам өлүмдөрү болгонун кошумчалаган. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан бул тууралуу түшүндүрмө сураганда, 21-февралда Кыргыздын Тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси А.Бозжигитов менен жолугуп, 2010-жылдагы окуяга токтолуп, медициналык жардам алуу үчүн чек арадан өтө албагандар дарыя аркылуу өтүп жатып бир бала агып кеткенин, бир жарым ай аралыгында дары-дармектер жок болгондуктан катуу ооруган бейтаптар каза болгон фактылар бар экенин айтып, кайым-айтышуудан алыс болууну сунуштаган.
Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев Кайнарбек Токтомушевди чакыртып, Алмазбек Атамбаевдин "Euronews" телеканалындагы айткан сөздөрү таң калтырганын, анын ою менен макул эместигин билдирген нота тапшырган. Ошондой эле документте бул күнгө чейин Бишкек Казакстандын "обочолотуу максаты менен чек араны жапканы" тууралуу бир да жолу маселе көтөрбөгөнү белгиленип, азыркы учурда пайда болушу учурдагы саясий тартипке ылайыкташуу экени жазылган.
Мындан сырткары казак ЖМКлары 2010-жылдагы окуялардан кийин Казакстан кыргыз элине жазгы үрөөн, 11,6 миллион долларлык гуманитардык жардам бергенин жазышкан.