"Бишкектеги жол жээгине унаа токтотуу үчүн 25 сом алып жатышат, буга чейин ал жерден акча талап кылынчу эмес", - деп бүгүн, 3-январда SUPER.KG порталына окурман билдирди.
"Аламүдүн-1 кичи районундагы Мухтар Ауэзов көчөсүнүн жээгиндеги унаа токтоткон жерде акча алып жатышат. Мындай талапты алар мэриянын буйругу боюнча аткарып жатыптыр. Ар бир унаадан 25 сом алып жатышат. Бул убакытка чейин унааларды жөн эле токтотуп жүргөнбүз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.